01:42 Алмаз Атамбаев: Бүгүнкү окуяга радикалдуу билдирүүлөр себеп болду

«Митингди уюштургандар 11инде, андан кийин 19унда чечүүчү күн болот, бийлик тынчтык жолу менен алмашат деп айтып келди. Ага ишенип алгандардын аракети бүгүнкү окуяга алып келди»,-деп айтты премьер-министр «Алатоо» аянтында өткөргөн маалымат жыйынында. Ошондой эле ал митингчилердин лидерсиз калышын чагым катары баалады. Өкмөт башчы мындан сырткары күч колдонуу ыкмасын колдобосун, бирок чагымчылыкты да жактабасын белгиледи. «Митингдер демократиянын белгиси, бирок эң негизгиси митингчилерде бийликти ээлеп алуу максаты болбош керек»,- деди Алмаз Атамбаев. (SM)