20:50 Митингчилер Акүйдөн чегиништи

Аянтта турган кабарчыбыз милиция газ менен ата баштаган соң өкмөт үйүнүн жанында турган митингчилер «Алатоо» аянтын көздөй сүрүлгөнүн кабарлады. Учурда аянттын ылдый жагын төрт катар тизилген милиция курчап турат. Оппозиция лидерлери, депутаттар Мелис Эшимканов менен Темир Сариев митингчилерди тынчтанууга, милицияны күч колдонбоого чакырууда (SM)