Карасуу эл базарында иштешкен кытайлык ишкерлер биримдиги 17-апрель күнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен пайда болгон селден жапа чеккен Өзгөн жана Каракулжа райондорунун тургундарына жалпы суммасы 600 миң сомдук гуманитардык жардам алып келди. Гуманитардык жардамдын алкагында жаратылыш кырсыгынан жабырлангандарга 5 тонна күрүч, 5 тонна ун, 1 тонна өсүмдүк майы, 150 үкөк тез даярдалуучу тамак-аш түйүмү, 200 түгөй бут кийим жана 200 даана одеялоо берилди. Мындан сырткары суу кирип келген 3 мектептин эмгек жамаатына бирден компьютер жана түстүү телевизор тартууланды. (KJ)