16:30 Алатоо аянтында митинг башталды

Митингдегилерге Аламүдүн районунан 1500 адам келип кошулду. Ал эми “Канжар” жаштар уюмунун элүүдөн ашуун мүчөсү өкмөт үйүнүн жанында “Бакиев кетсин!”-дешип ураан чакырып, желектерди көтөрүп кайра аянтка келишти. Учурда аянтта беш миңден ашуун адам топтолуп, депутат Мелис Эшимканов митингди алып барууда. (AJ)