ВИРГИНИЯДАГЫ ЖАНКЕСЕРДИН АТЫ-ЖӨНҮ АНЫКТАЛДЫ

АКШнын Виргиния штатынын бийликтери жергиликтүү студенттик шаарчада кызыл кыян кыргын салган жанкесердин аты-жөнүн аныкташты. Анын огунан отуз эки студент опот болду, эң соңунда ал өзү атынып өлдү. Полиция тергөө ишин улантууда. Көпчүлүк студенттер менен набыт болгондордун тууган-уруктары бийликтерди, технологиялык университеттин администрациясын каргашаны алдын алалбаганы үчүн айыпташууда.
Технология университетинин полиция башчысы Уэнделл Флинчум кечээ журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында кылмышкердин аты-жөнүн атады. «Норрис-Холлдо ок жаадырган бандиттин ким экенин тактоого жетиштик, анын аты – Чо Сен Ху”,- деп айтты полиция башчысы.

Флинчум маалымдагандай, Чо 23тө экен, Түштүк Кореянын жараны, акыркы курстун студенти болгон, англис тилин окуган. Виргиниянын Сентервилле шаарынын тургуну катары катталган, Харпер-Холлдогу жатаканада жашаган.

Чо АКШга ата-энеси менен 1992-жылы келген. Мындай кылмышка аны эмне түрткөнү полицияга азырынча белгисиз. Айрым кабарларда Чо узун сабак кат жазып калтырганы, анда университетте окуган “бай балдарга” каарын төккөнү айтылат. Башка бир маалыматтарда Чо депрессияга туш болуп, дарыланып жүргөн делинет.

Айтымда, дүйшөмбү күнү таңкы саат жетиден өткөндө жатаканада биринчи мылтык үнү жаңырган. Бу жерде Чо эки студентти сулаткан. Университетте адегенде коогалаң жарыяланып, бирок көп өтпөй аны эмнегедир токтотуп коюшкан. Арадан эки сааттай убакыт өткөн соң жатаканадан бута атым аралыкта жайгашкан инженерлик факультеттин имаратында кайрадан ок атылган. Бу жолу отуз кишини мерт кылып, Чо акырында өзү атынып өлгөн.

Бир катар студенттер, октон опот болгондордун тууган-уруктары эки саат ичинде университеттин администрациясы эмне үчүн камырабастык кылган? – деп сурашат.

Жанкесердин огунан жантаслим болгондордун көбү студенттер. Алардын арасында Холокостон аман калган израилдик бир улгайган профессор да бар. Ал өзүн окко тосуп, бир нече студентти өлүмдөн сактап калды дешет.

Кызыл кыян кыргында набыт болгондорду эскерүү кадаасына кечээ президент Жорж Буш катышты. Бу таңдын арты Американын тарыхында университет шаарчасындагы эң ойрондуу балааматтын күнү болду, бу жердегилердин баары үчүн өмүрдөгү эң жаман күн болду, деп айтты Буш. Бул окуяга байланыштуу дүйнөлүк лидерлер ага көңүл айтып жатышат.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак жергиликтүү жана федералдык бийликтер студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдон келгендин баарын жасай турганына ишендирди. Ал ошондой эле бул окуя чет элдик жаштарды АКШда билим алгандан жалкытпай турганын айтып, алар үчүн өкмөт жыл сайын 200 миң виза берип жатканын белгиледи.

Соңку жарым кылым ичинде АКШнын жогорку окуу жайлары менен мектептеринде мындай окуялар бир нече ирет болгон.