15-апрелде Нарында милициянын абагында жатып “Кыргызстанды сактоо» патриоттук кыймылынын мүчөсү Бектемир Акунов каза болгон. Ачкачылык акциясынын катышуучуларынын бири Акунов өз көйнөгүнө муунуп өлдү деген расмий маалымат айтылууда. Бектемир Акунов 5-апрелден тарта саясий ачкачылык акциясын жарыялагандардын катарына кошулуп, 11-апрелге чейин ачкачылык кармаган. Кабарчыбыз Султан Каназаров маркум Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов менен маектешкен.
-Урмат, каза болгон атаңыздын денесинде кандайдыр бир жаракаттар бар бекен?
- Бул боюнча азырынча экспертиза жүргүзүлө элек. Азыр Накен Касиевич, “Бириккен Фронттун” өкүлдөрү келе жатат дешти. Биз ошолорду күтүп турабыз. Бул жакта экспертиза, губернатордун орун басары бар. Бул жерде азыр күбө болгон элдердин айтчусун угуп, бардыгы чыкты. Атамды төрт милициянын талоосу менен көчөдөн алып кирип кетишкен экен ГОВДга. Ал жерге барганда карапайым эл, тургундар “ай бул эмне кылганыңар?! Ушунча дагы талайсыңарбы? Ушунудай дагы кордук болобу?” десе, алар “Силер боор ачып жатасыңарбы? Бул деген “бомж”, жоголгула” деп жооп бергенин эл уккан экен.
-Сиздин өзүңүздүн пикириңиз кандай? Камерадан өзү муунуп өлдү дегенге ишенесизби?
- Камерадан муунуп өлдү дегенге ишенбейм. Бул сырттан эле, ага чейин эле саат 12:00 дө муунуп өлдү деген көрсөтмөлөрдү берип жатышат. Бул түнүчүндө эле камалганда эле саат 1-2ге чейин эле өлтүрүп салышкан.
-Сиз атаңыздын сөөгүн көрдүңүзбү?
-Биз кечээ эртең менен чала-бучук көрүп чыкканбыз. Андан бери көрсөтө элек. Ал маалда биз өзүбүздү жоготуп койдук.Толук көрө албай калдык.
-Атаңыз камерада өзү жалгыз жатканбы же жанында дагы башка камактагылар болгонбу?
-Бул камерага чейин да кирген эмес. Ага чейин эле, сырттан эле өлтүрүп алышкан. Ага чейин эле көчөдөн тепкилеп, кордук көрсөтүп, көчөдөн сүйрөп өтүшкөн. Байпактары, туфлиси подьездин жанында калган. Эртеси күнү эле терип кетишиптир. Аны көтөрүп бара жаткандарын дагы, алгандарын дагы көргөн эл бар экен.
-Атаңыздын Нарынга келген учурда ден соолугу кандай эле?
-Ал маалда толук көрө алган жокпуз, жолуккан эмеспиз. Атабызга үйгө чейин жеткен эмеспиз. Бул киши шаардан чыккан бойдон эле такси менен мэрияга келген.
-Мэриянын өкүлдөрү кандай жооп беришкен? Чыгып сүйлөшүшкөнбү?
- Бул киши кайра “Бириккен Фронтко” телефон чалганы кеткен маалда, губернатор, вице-мэр, шаардын мэри өздөрү бүт баары келген. Ошол жерден булар ГОВДнын зам-начальнигине “Камагыла!” деп буйрук берген. Ошол маалда булар камашкан. Саат канчада камап, кандай болгондугу дагы белгисиз.
Султан Каназаров, Бишкек