15-апрель түнү Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо учурундагы ок атышуудан милициянын улук лейтенанты, 31 жаштагы Эрлан Искендеров курман болду. Көп адамдардын өмүрүн кыйган деп шектелип жүргөн Кубан Жолдошев колго түшпөй, атышып жатып, ок тийип, ооруканага жетпей жан берген.
Өлкөнүн ички иштер министри Болотбек Ногойбаев берген маалыматына караганда, окко учкан кылмышкер жети адамды өлтүргөн деп шектелип, далайдан бери издөөдө жүргөн. Көп адамдын өмүрүн кыйган деп шектелген кылмышкер автоунаадан чыккыла деген буйрукка баш ийбей биринчи ок чыгарып, милициянын улук лейтенанты Эрлан Искендеровду эки ирет аткан. Натыйжада Эрлан ошол жерде курман болуп, кылмышкер Кубан Жолдошев жарадар болуп, ооруканага жетпей жан берген. Ал эми майор Мирлан Каниметов да колунан жарадар болуп, ооруканага жеткирилген.
“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев кылмыштуу топ менен милиция кызматкерлеринин ортосунда атышуу Бириккен фронттун офисинин жанында болгону шектүү экенин айтып, көп адамды аткан деп шектелген Кубан Жолдошев мурдатан издөөдө жүргөнүн, маркум Рысбек Акматбаевдин шериги экендигин билдирди.
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармасынын жетекчиси Мелис Турганбаевдин «24.kg» маалымат агенттигине берген маалыматына караганда, окко учкан кылмышкер жети адамды өлтүргөн деп шектелип, далайдан бери издөөдө жүргөн. Грек- рим күрөшү боюнча Азиянын көп жолку чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге ээси Раатбек Санатбаев дагы ушул адамдын колу менен өлтүрүлгөн.
Эрлан Искендеров 1976- жылы Балыкчы шаарында туулган. 2002- жылы милиция академиясын аяктаган соң эмгек жолун Бишкектеги Ленин райондук ики иштер бөлүмүндө кылмышкерлерди издөө тобунда баштаган. Андан кийин Эрлан Искендеров Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын кылмыш изилдөө бөлүмүндө оперативдүү кызматкер, былтыркы жылдын декабрь айынан бери Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармасында иштеп келаткан. Анын артында үч баласы жана кош бойлуу келинчеги калды.
Эрлан Искендеровдун сөөгү 17- апрелде бүгүн Балыкчы шаарында коюлат.