14:21 Б. Ногойбаев: чагым салды деп шектелген үч адам милицияга арыз берди

Бул тууралуу Ички иштер министри Болот Ногойбаев бүгүн журналисттерге билдирди. Ошондой эле арыз менен митинг катышуучуларынын бешөө кайрылган. Бирок, алардын денесине ыктымал чагымчылардыкындай залал келген эмес дейт министр. Анын айтымында, Алатоо аянтында нааразылык акциясына чыккандардын коопсуздугун миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат. (BuS)