Бул жөнүндө Калык Иманкулов бүгүн «24.kg» агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында жарыя кылды. «Бүгүнтөн баштап «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» Бириккен фронттун катарына өткөнүмдү расмий билдирем жана анын акцияларына активдүү катышып баштайм», - деп айтты өлкөнүн мурдагы башкы чекисти, генерал-лейтенант. Ал бир күн мурда күйөө баласына кол салуу болгондон кийин ушундай чечимге келген. 15-апрелде саат 21:00 дө үч адам К. Иманкуловдун кызынын үйүнүн жанына келишип, күйөө баласына кол салышып, автоунаасын өрттөп кетишкен. К. Иманкуловдун айтымында, ал Бириккен фронттун идеяларына тилектеш болуп, анын штаб начальниги Ө. Субаналиевге иш чаралардын коопсуздугу жөнүндө кеп-кеңеш берип жүргөн, бирок каршылык акцияларына түздөн түз катышкан эмес. Эми жакындарына болгон кол салуудан кийин К. Иманкулов оппозициянын катарында билекти түрүнүп алып күрөшмөкчү. (KCh)