Орусияда жаңы атомдук субмарина курулду

Кечээ Архангельск облусундагы Северодвинск шаарында “Юрий Долгорукий” аттуу субмарина сууга алгачкы жолу түшүрүлдү. Суу алдында жүрүүчү кемеге 8 миң чакырымга чейинки алыстыкта сокку ура алган жаңы “Булава-М” аттуу баллистикалык ракеталар орнотулган. Орусиянын коргоо министрлиги 2017-жылга чейин ушундай 7 суу алдындагы кеме менен камсыздалмакчы.