Эртең менен аянтта болгон кабарчыбыздын маалыматына караганда, түн негизинен тынч өткөн. Аянтка тигилген 30дан ашуун боз үй жана 70 чакты чатырларда түнөгөндөрдүн саны болжол менен 2 миңдин тегерегинде. “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронту менен "Реформа үчүн" кыймылы уюштурган митингдин жер-жерлерден келген катышуучулары 11-апрелден бери «Алатоо» аянтында түнөшүүдө. (SM)