КЫРГЫЗСТАН ЖАРАНДЫК СОГУШТУН КЫРЫНДА ТУРАБЫ?

Бириккен фронт президент Курманбек Бакиевди акылсыз саясаты менен Кыргызстанды жарандык согуштун кырына алып келди деп айыптап, анын кызматтан токтооосуз кетишин талап кылууга өттү. Радикал оппозиция ошол эле учурда азыркы кырдаалды жөндөөнүн аргасы катары улуттук макулдашуу өкмөтүн түзүү демилгесин көтөрдү. Бүгүн эртең менен парламент алдына барары күтүлүп жаткан митингичилердин башкы талаптарынын бири ушул болот.
Бириккен оппозиция мындай талапты кырдаалдын курчуп бараткандыгы менен түшүндүрүп, Улуттук телерадиокомпаниянын имараты алдында чыккан чатак, ачкачылык акциясына катышкан Бектемир Акуновдун набыт болушу, маалымат каражаттарына жасалган басым өңдүү фактыларды келтирүүдө.

Кечээ кечинде митингде бириккен фронттун лидери Феликс Кулов жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу бар деп билдирип, президент Курманбек Бакиевдин токтоосуз кызматтан кетишин талап кылып, анын буйруктарын аткарбоого коомчулукту чакырды:
- Жогорку Кеңеш менен улуттук макулдашуу өкмөтүн, орусча айтканда, правительство национального согласия түзүүбүз керек азыр. Бул өкмөт Жогорку Кеңеш менен Конституциялык реформаны жана калысы, таза президенттик шайлоону камсыз кылышы керек. Жаңы өкмөттү бириктириш. Аны бөлүнүп-жарылуудан сактап калуу. Мына биздин позиция ушул.

Бирок мындай көз карашты колдобой тургандыгын кечээ кечки митингге байкоочу болуп келген президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун билдирди:
- Куловдун жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн, жарандык согуштун алдында турабыз дегенине кошула албайм. Жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу Кыргызстанда жок. Себеби, кыргыз элинин өзүн-өзү сактоо инстинкти күчтүү. Эми Кулов да чоң саясатчы болгондон кийин бекер айта бербеш керек да. Жарандык согуш эч качан чыкпайт. Түндүк-түштүк болуп эч качан бөлүнбөйбүз.

Кечээ митингде сүйлөгөндөрдүн кыйласы түндүк-түштүк кылып бийлик бөлүп атат деп, анын далили катары чагымчылар түштүктөн келди деп белгилешүүдө:
- Спорт сарайында 300 спортчу, 200дөй азамат Кыргыз драма театрында жаткан экен, 80дей азамат Алатоо кинотеатрынын ичинде жаткан экен. Алар бизге отчет беришти. Анын чын-жалганын териштиребиз, эртен менен 500 дөй түштүктөн атайын бизге тукурулуп алып келген азаматтарды өз колубуз менен бусиктерге, автобустарга салып, жөнөттүк, мындан кийин кайталанбайт деген Ногойбаевдин (ички иштер министри-авт.) бүгүн биз отчетун уктук.

Ички иштер министрлиги менен бул багытта тыгыз иштеп жатабыз деп билдирген Мелис Эшимкановдун айтымында, атайын даярдалган бир жарым миң киши бар экендиги болжолдонууда. Ички иштер министрлиги мындай маалыматты тастыктай элек.

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин айтымында, ар кандай чагымчыл аракеттерге оппозиция бийликке караганда көбүрөөк жоопкер:
- Бийлик тарабынан андайга жооп берилбейт. Бирок, бийликтин кандай жоопкерчилиги болсо уюштуруучулардын жоопкерчилиги андан да бийик болушу керек. Эгер бир нерсе болуп кетсе. Биринчи кезекте митингди уюштуруучулар жооп беришет.

Президент Бакиев баштаган көптөгөн жетекчилердин кызматтан кетишин талап кылып жаткандар болсо келерки аптанын алгачкы эки-үч күнүндө буга чейинкиден да күчтөнүү дымагы бар. Азыркы президент да, парламент да Акаевдин мыйзамдары менен жашап жатат деп эсептеген легендарлуу парламент депутаты Бегиш Ааматов мындан аркы кырдаалдын өнүгүшү же пасташы парламенттин чечимдеринен көз каранды дейт:
- Мына эми эртеңден баштап Жогорку Кеңеш иштейт. Фронттун «Реформа үчүн» кыймылы менен бириккен долбоорун беришкен. Эгер Жогорку Кеңеш муну карап, кабыл алса, Бакиев мөөнөтсүз отставкага кетсе бир жөн, анан Жогорку Кеңеш долбоорду колдобой. Бакиев отставкага кетпесе бир жөн. Ошого жараша митингичилер талабын коет го деп турушат.

Парламент бүгүн бир апталык тыныгуудан кийин ишке киришкени турат. Мурда маалымдалганга караганда, сессиянын күн тартибине конституциялык реформа маселеси коюлганга чейин парламент Конституциялык Соттун курамын толукташы керек. Бул маселени парламент эки жылдан бери чече албай келатат.