14-апрелдин кечинде Акүйдүн алдында мөөнөтсүз митинг акциясы уланып жаткан учурда 10-15 жигит митингичилерге келип кагылышуу болду. Мушташ чыгып, баш жарылды. Айрымдар катуу таяк жеди. Митингди уюштуруучулардын коопсуздук кызматы тартипти сактоого аракет кылды, бирок митингдин катышуучулары менен бийликти жактоочу жигиттердин ортосунда мушташ чыкты, алардын төртөө кармалып, милициянын атайын тобуна тапшырылды.
14-апрелде кечке жуук «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронт уюштуруп жаткан митингдин катышуучулары Улуттук телерадио корпорацияга жөө жүрүш жасап, нааразычылыгын билдиришти. Алардын жанына мас жигиттер келишип, митингичилер арасында жаңжал чыгарууга аракет кылышты.
Митингдин катышуучуларынын жүрүшү андан кийин Чүй көчөсү менен күн чыгышты карай уланып, Акүйдүн жанына келип токтошту. Ал жерде бийликке карата нааразычылык айтылып, өкмөт башчы Алмаз Атамбаевди, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровду жана өкмөттүн аппарат жетекчиси Медет Садыркуловду кечээ кызматынан чегинген Мыктыбек Абдылдаевден үлгү алып, кызматтан кетүүгө жана элге кошулууга чакырык ташталды.
Ошол учурда он беш чакты бала митингичилерге келип, жаңжал чыгарып, мушташ болуп кетти. Аларды Бириккен фронттун күзөтчүлөрү катардан сүрүп чыгарышып, төртөөнү кармап алышты.
Калгандары «Россия» кинотеатры тарапты көздөй качышты. Алардын төртөө Бириккен фронттун коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, штабга алынып келинип, милициянын атайын тергөө тобу кармалгандарга суроо салышууда.
Чагымчы деп шектелген жигиттин бирин эл трибунага алып чыгышты. Ал митингди көрүүгө келгенин, эл качканда кошо качып, чалынып жыгылганын, чагымга тиешеси жок экенин айтты. Бирок ага митингчилер калп, деп, ишенишкен жок.
Митингдин катышуучусу Канайым Бердибаева чагымчы деп шектелип жаткан жигиттерди милиция коштоп келгендигин айтып, чагымды милиция уюштуруп жатат, бул жигитти таанып калдым, деп билдирди.
Митингчилерге кийин Ички иштер министри Болот Ногойбаев келип, секиге чыгып, бул жаңжал териштирилерин айтты:
-Чагым чыгарган жигиттердин үстүнөн кылмыш иши козголот. Атайын тергөө тобун бул жерге өзүм менен кошо ала келдим. Көргөн-билгениңерди, жанагы машиналардын номерлерине чейин айткыла. Арыз, түшүнүк жазып бергиле.
Мындай сөзүн министр митингчилердин алдына келип сүйлөгөн учурда айтты. Анын сөзү боюнча чагым чыгарган жигиттердин үстүнөн кылмыш иши козголот, камакка алуу үчүн атайын тергөө тобу түзүлүп, аянтка келген.
Митингдин катышуучулары милицияга ишеним көрсөтүшпөй, чагымчы деп шектелгендердин ишин Бириккен фронт иликтесин деп талап кылышты.
Митингчилер ички иштер министринин отставкага кетүүсүн, эл менен бирге болуусун да талап кылышты.
Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев болсо кызматтан кетүүгө негиз жок экендигин билдирип, милициянын чагымчыларды коштоп келгенин көргөн адамдардын арыз жазуусун айтып, тергөө болот деди.
“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун штабынын башчысы Өмүрбек Субаналиев болуп өткөн чагымга ички иштер жана коопсуздук кызматынын, президенттин уулдарынын жана бир туугандарынын тиешеси бар деп эсептейт.
Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун бул окуянын аягына жетиш керек деп эсептейт. Анын пикиринде, митингичилер жөө жүрүшкө чыкпай, Алатоо аянтында эле болуп, коопсуздукту сакташы зарыл.
Фронттун Ош, Жалалабат, Баткен облустары боюнча өкүлү Бөдөш Мамырованын айтымында, чагым салган жигиттерди Талас облусунун мурдагы губернатору Жусуп Жээнбековдун баласы топтогон. Муну АКИпресс агенттиги жазып чыкты.
Ал эми 2 күн мурда "Интербилим" коомунун жетекчиси Асия Сасыкбаева, бийлик "Спартак" стадионунда бир жигиттерди кармап, аларга тамак-аш берип жатканын митингде айткан эле. Бийлик бул маалыматка эч нерсе деген эмес.
Кабыл Макеш, Бишкек