Адистер дүйнөлүк экономика жакшы темпте өнүгүп жаткандыгын билдиришти

Өнүккөн жети өлкөнүн финансы министрлери жана борбордук банк жетекчилери глобалык экономиканын өсүшү акыркы 30 жылдагы эң жогорку деңгээлге жеткендигин бышыкташты. Алардын эсебинде, күйүүчү майдын кымбаттыгына карабастан, АКШнын экономикасы туруктуу өсүп жатат, еврозонада да жылыштар бар.