Бишкек шаарынын борбордук аянтында мөөнөтсүз митинг уланууда. «Азаттыктын» кабарчыларынын маалыматтарына караганда, өлкөнүн башка аймактарында нааразылык чаралары катталган жок.
Борбордук аянттагы нааразылык акциясы бүгүн да адаттагыдай эле кечке жуук башталып, Улуттук телерадиокорпорациясына жөө жүрүш жасоо менен коштолду. Ага чейин акциянын катышуучулары боз үйлөрдө, чатырларда болушуп, коомчулуктун көңүлүн бургудай иш чара өткөн жок.
Анткен менен, милиция кызматкерлери тарабынан жүз жетимиштен ашык адамдын кармалышы талкуу жараткан күндүн башкы окуясы болду. Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акундун маалыматына караганда, кармалгандардын ичинен укук коргоочулардын кийлигишүүсү аркылуу митингди колдогондугу тастыкталган жети адам бошотулду:
- Булар айтып атат, эми дагы алардын ичинде митингге катышкандар бар, тиги-бу деп. Бүт бардыгын сурап чыктык. Коркуп айтпаган төртөө бар экен, аны алып чыктык. Митингиге катышты тиги-бу дегендер айтпай атышат. Жок.
Ички иштер министринин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун билдиргенине караганда, учурда документтери жок деген себеп менен кармалып тургандардын саны 60-70 чамалаш. Бирок, алардын арасында митингиге катышкандардын бар экендиги тастыктала элек:
- Ошол жерде митингиге катышкандар бар сыяктанат. Бирок, катышкан жокпуз деп айтып жатышат. Биздин паспорттук кызматтар, кабыл алып, кайра бөлүштүрүү кызматынын башчысы баш болуп бардыгы иштеп жатышат. Ошондой эле ар бир райондон бирден сот барып, кармалган адамдардын бардыгын колдон келишинче тезирээк аты-жөндөрүн тактап, эгер тартип бузгандар болсо 50 сомдон 150 сомго чейин айып салып жатат.
Турсунбек Акундун жана бириккен оппозицияны колдогон «Канжар» уюмунун лидерлеринин айтымында, милиция мындан ары нааразылык акциясына чыккандарды кармабоо убадасын берип жатышат:
- Ишеним деле жок бул бийликке. Анткени, кечээ деле жөн турган митингдегилердин маанайын бузуп, элдердин кыжырына тийип, коркуткан момент болбодубу, - дейт «Канжардын» лидерлеринин бири Жалын Маматказиев.
Анткен менен оппозициячыл лидерлер нааразылык акциясы кандай шарт болбосун, максатына жеткенге чейин улана берерин белгилеп жатышат. Реформачы депутат, «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жөө жүрүш сыяктуу акциялардын максаттарын белгиледи:
- Оппозициялык шаарчанын биримдигин, күчүн, уюшкандыгын көргөзүү. Экинчиси, шаардыктарга, бийликке лозунгдарыбызды дагы бир жолу айтуу. Үчүнчүсү, мына ушундай жолдор менен бийликке таасир этип, анын эркин сындыруу, эл менен эсептешип, эл талап кылган саясий өзгөрүүлөргө барууга мажбурлоо.
Турсунбек Акун оппозиция бул аракеттери аркылуу Конституциялык реформага жетерин болжойт. Анын баамында, нааразылык акциялары токтоп калса, президент оппозициянын талаптарын аткаруудан баш тартышы толук ыктымал. Нааразылык акциясына чыккан оппозиция үчүн келаткан дүйшөмбү чечүүчү күн болот. Мындай божомолун саясий талдоочу Нур Омаров билдирди. Ал президент оппозициянын талаптарын аткарууга мажбур болушу да, четке кагып коюшу да ыктымал дейт. Бул келерки аракеттерден көз каранды:
- Бул өңүттө дүйшөмбү чечүүчү күн болот. Себеби дүйшөмбүдө парламент Конституциянын долбоорун кароого киришет. Парламентке көп нерсе көз каранды. Эгер парламент президентти колдосо, оппозиция каалайбы, каалабайбы күжүрмөн аракеттерге киришиши керек болот. Эгер парламент ал редакцияны четке какса, оппозиция көзүрдү алып, кошумча колдоого ээ болот да президент реалдуу чегинүүгө барат.