«Азаттыктын» кабарчысынын берген акыркы маалыматы боюнча борбордук аянттагы митингчилердин алдына Ички иштер министри Болот Ногойбаев келди. Бир аз мурда өкмөт үйүнүн алдында турган митингчилер менен он беш чакты белгисиз адамдар жаңжал чыгаруу аракетин кылышкан. Бул жаңжал боюнча тергөө тобун алып келгенин, иш териштирилерин айтууга аракеттенген министрди көпчүлүк укпай жатат.(IJz)