МИЛИЦИЯ КАМАГЫНАН МИТИНГИЧИЛЕР БОШОТУЛДУ

Милиция 12-апрелде кармап алып кеткен тогуз киши укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен камактан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Митингичилерди камактан бошотууга Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун 13-апрелде өзү барган. Анын айтымында, митингичилерден уруп-сабоонун белгилери байкалбайт жана кармалгандардын өздөрү дагы милиция күч колдонгону тууралуу даттанышкан жок. Азыркы учурда милициянын камаганда отургандардын арасында бир да митингичи жок. Бирок укук коргоочунун пикиринче митингге келгендигин айтуудан коркуп жатышкан адамдар камакта калгандардын арасында дагы болушу мүмкүн. Ошол эле учурда “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын маалыматына караганда, 150 дөн ашуун митингичилер дагы деле камакта жатат. Ал түгүл митингге келгендерди кармоо тууралуу ИИМдин жашырын көрсөтмөсү бар. Бирок бул маалыматты Турсунбек Акун дагы, ИИМ дагы негизсиз деп четке кагууда. Бир эле учурда милиция камагынан бошотулгандар запкы көргөн эмес деген маалыматты Канжар” кыймылынын лидери Жалын Маматказиев төгүндөгөн билдирүү таратты. Анын айтуусунда милиция камалгандарга күч колдонуп, желим таяк менен сабаган. ИИМ өз кезегинде борбор шаарда ээнбаш чөйрөлөр митингдерди пайдаланып, айрым адамдар тоноолорду уюштуруп жаткандыгын белгилөөдө. Буга байланыштуу патрулдук кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Түнгө маал патрул шектүү адамдарды камакка алат. Себеби айрымдарынын документтери жок болсо, кээ бири мас абалында кармалат. (KCh)