Мындай оюн президент кечээ “Коммерсантъ” гезитинин кабарчысына берген маегинде айткан. Анын сөзү боюнча ноябрдагы Конституция кысым менен, шашылыш кабыл алынып, бир нече жаңылыштыктарга жол берилген. Парламент өзү да муну бир жумадан кийин түшүндү, -деген мамлекет башчысы, -ал эми өкмөт отставкага кеткенден кийин, жогорудагы ноябрь Конституциясы менен кайрадан өкмөт куруу мүмкүн эмес болучу, мага мыйзамга ылайык парламентти таратып, жаңы өкмөт курамын түзүүгө туура келмек. Бирок депутаттар өздөрүн сактап калуу үчүн кыска убакытта Конституцияга оңдоо киргизип, жаңы өкмөттү куроого мүмкүнчүлүк берген Башмыйзамды кабыл алышты, –деп айткан президент.