Түркия космосту өздөштүрө баштайт

Алдыдагы 5 жыл ичинде Түркия Евробиримдиктин космос программасына кошулуп, өлкө аймагында улуттук космодром курмакчы. Улуттук коопсуздук кеңешинин баш катчысы Мехмет Алпоган билдиргендей, Түркия 2014-жылга чейин Ай же Марс планетасын көздөй космос кемесин жиберүүнү пландоодо.