ОҢ ЖЭЭК – СОЛ ЖЭЭК, ОРТОДО ЧОҢ ЖЫЙЫН

11-апрелде башталган “Бириккен фронт” менен “Реформалар үчүн” кыймылынын мөөнөтсүз жыйындары тууралуу саясатчылар арасында аркыл пикирлер айтылууда. Алардын арасында элдин бүтүндүгү, өлкөнүн биримдигине кабатыр ойлор арбын. Жазгы жыйындар оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыкка келип, Конституциянын жаңы редакциясы парламентке сунушталып, мамлекеттик телеканал коомдук телекөрсөтүүгө айланары ачыкка чыгып калган шартта өтүүдө.
Белгилүү саясат таануучу Бакыт Бешимовдун айтуусунда, өлкөнүн экиге бөлүнүү коркунучу бар.

-Ошондой коркунуч бар. Бийлик талашкандар жагынан болуп жатат. Бул бийлик тарабынан да, оппозиция тарабынан да мына ошондой регионалдык оюндар уюштурулуп атат. Ушул нерсе, ушундай коркунуч бар. Бирок эл бөлүнбөйт. Бөлүнбөйт дегеним, ага тоскоол болчу күч бар. 15 жыл ичинде Кыргызстанда жарандык коом алдыга өсүп кетти. Ошол мүмкүндүк бербейт. Бул бир. Экинчиден, карапайым эл көп нерсени түшүнүп, негизги багытты аныктап алышкан. Аларда бөлүнүүчүлүк жок.

Ушундай эле пикирин академик Жамин Акималиев да билдирди. Анын ырасташынча, бул ирет нааразылык жыйындардын чыгышына тандемдин ажырап кетиши, жекече пенделик таарыныч-урунуч көбүрөөк таасир берди.

- Тандем талкаланды. Анын талкаланышы үчүн президентке ар кандай күчтөр таасир көрсөттү окшойт. Тандемдин бузулушу Феликс Куловдун чоң таарынычы болуп калды. Эки кишинин ортосундагы мамилени, мейли президент, мейли падыша, мейли өкүмдар болсун, ошону жалпы элдин тагдырына, жалпы улуттун мойнуна илип коюш, бул саясатчылык эмес да. Андай болгондо минтип элди көтөрбөй эле маселени экөө эркекче чечип алса биз деле, коомчулук, ушуга калыстык сөзүбүздү айтар элек.

Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев жыйналган көпчүлүктүн алдында чыгып сүйлөп, 2 жылдан бери өлкөдө реформалар жакшы жүрбөй жатканына жалгыз К.Бакиев эмес, Ф.Куловдун да тиешеси бар экендигине басым жасады. «Жерүй» менен «Талдыбулак» алтын кендеринин ачык тандоосуз инвесторлорго берилип кетишине Ф.Куловдун тиешеси бар, анын койгон колу турат, деп билдирди өкмөт башчы.

- Мына ушул 12 күндүн ичинде эки жылда жайланган иштердин көбүн колдон келишинче оңдоп койдум да. «Кристалл» заводу кайрадан элдики болду. «Талдыбулак» алтын кенин бекер берген. Ф.Куловдун колу турат. Кайрадан элдики болду. Чоңдон көп нерсе бизде жок экен. Алты миң чоңдун ар бирине бирден машинеси бар экен. 500 машинесин кыскарттым. Алар балдар үйлөрүнө, интернаттарга берилет. Айыл өкмөттөргө берилет.

Өкмөт башчынын алдагыдай билдирүүсү чогулган көпчүлүктүн кызуу колдоосуна ээ болду. Бирок да премьер-министрдин айткан сөзүнүн баарын эле аянттагылар антип дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштогон жок. Көпчүлүк ышкырып туруп алып, айтар сөзүн аягына чыгарбаганына нааразылыгын жашырбаган өкмөт башчы элге каалоо билдирүү менен чектелди.

Президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев аянтка элдин күткөндөгүдөй көп чыкпай калышынын себеп-жөнүн, башта айтылган көтөрүңкү сандарга аянтка чогулгандардын болжолдуу саны жакындабай калышынын жөн-жайын бул жыйындын элди өзүнө тарта турган өзөк идеясынын жоктугуна байланыштуу түшүндүрдү.

- Эгерде ошого негиз болгондо эл чыкмак, көбүрөөк чыкмак. Мына биз көрүп жатабыз. 9-апрелде аймактарда өткөн жыйындарга саналуу эле адамдар чыккан. Бүгүн да ошондой. Демек, оппозициянын талаптарын колдой турганга негиз жок экени көрүнүп турат.

Саясат таануучу Табылды Акеров эл эч качан бөлүнбөйт деген пикирде.

- Революция болду, бирок ал элдин жашоосуна таасир тийгизбегендиктен эл нааразылык акцияларына көп чыгып жатат. Революция болгондон кийин ар бир жарандын, коомдун өнүгүшүнө багыт бере турган документ кабыл алыныш керек болчу. А бул документ Конституция. Ал кабыл алынбагандан Кыргызстанда демократия кандай өнүгөрү, ошондой эле ар бир жарандын укуктары конституциялык негизде корголбогондуктун айынан көчө жыйындардын көп болууда.

Бишкектин «Алатоо» аянтындагы жыйын бирде көбөйүп, бирде азайып, ысык күндүн алдында дагыле уланууда. Бийлик менен оппозициянын жазгы тиреши Конституция жаңыланары ачыкка чыгып, өкмөт башчылыкка Алмазбек Атамбаевдин келиши, улуттук телекөрсөтүүнүн коомдук аталышка өткөнүнө карабай кызуу дем менен баштады. Кезектеги тирештин кандай аяктары азырынча белгисиз.