АЛАТОО АЯНТЫНДА КАЙРАДАН “КЕТСИН!” УРААНЫ ЖАҢЫРУУДА

Бүгүн ордо калаа Бишкекте “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронту уюштурган мөөнөтсүз митинг башталды. Борбордук Алатоо аянтын көздөй шаардын бир канча бурчуна чогулган эл саат 14:00дө агылып киришти. Айрым байкоочулардын баамында митингдин катышуучуларынын саны 10 миңге чейин жетти. Ошентсе да расмий бийлик өкүлдөрү борбордук аянтка чыккан адамдардын саны 3-4 миңдин тегерегинде деп ишендиришүүдө. Аянттагы көпчүлүктүн алдына “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун бир катар лидерлери чыгып сөз сүйлөшсө, кечке жуук аларга премьер-министр Алмазбек Атамбаев келип кетти.
«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун мөөнөтсүз митингине карата борбордук аянтка отузга чукул боз үй, жүздөн ашуун палаткалар тигилди. Бишкек шаарындагы Назаралиев медициналык борборунун алдына, Жеңиш аянтына, Опера жана балет театрынын маңдайына жана Октябрь кинотеатрынын тушуна чогулган митингдин тарапкерлери түшкө маал борбордук аянтты көздөй бет алышты. Бийликке нааразы болгондордун колунда “Бакиев кетсин!”, “Түндүк-Түштүк бир жүрөк!”, “Макс, бизден колуңду тарт!”, деген сыяктуу жазуулар болду. Түшкө маал борбордук аянтты көздөй бет алган митингдин катышуучулары жолду катар жогорудагыдай кыйкырык-сүрөөн менен жүрүп олтуруштү.

Митинг түшкү саат экиде башталып, аны “Агым” гезитинин кожоюну, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов алып барды. Өз сөзүндө депутат Эшимканов чогулган элдин саны 50 миңге жеткенин айтканы менен байкоочулар аянтка болжолдуу түрдө 10 миңдин тегерегинде эл чогулганын айтып чыгышты. Расмий бийлик өкүлдөрү болсо митингдин катышуучуларынын саны үч-төрт миңден ашпаганын билдиришүүдө.

Чогулган элдин алдына алгач “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун лидери, экс-премьер-министр Феликс Кулов чыгып, тандемдин шартына ылайык өз сөзүндө турганын, бирок тилекке каршы тандемдеши шертин аткарбаганын айтты:

- Саясатчылар сөзүндө турбайт деп айтышат. Адамдын сөзү өлгөнчө өзү өлсүн деген принцип менен тандемде айтылган убадаларга бекем турдум. Эми азыр сиздердин ишеним мен үчүн өтө маанилүү.

Ал эми “Атамекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев азыркы бийлик эки жылдан бери өзүн көрсөткөнүн, учурда аны “кетсин!” дегенден башка арга калбай калгандыгын баса белгиледи:

- Президент өз сөзүндө турбайт. Бул – кыргыз элинин намысын кулатты дегенди билдирет. Намысы жок эл болбойт. Намысы жок мамлекет курулбайт. Ошондуктан биз бүгүнкү бийликти кетсин деп айтабыз. Кетсин!

Бирок, кечке жуук аянттагы элге азыркы премьер-министр, мурдагы ири оппозиционер Алмазбек Атамбаев келип, президент оппозициянын көп талаптарын аткарганын, өзү кызмат үчүн бийликке келбегендигин, ага элинин тынчтыгы маанилүү экендигин, балдар кыйкырса эле президент кызматынан кетпесин айтып өттү:

- Мен келгенде деле кызмат үчүн келген эмесмин. Мына жаңы мыйзамга президент кол коюп туруп, кечээ парламентке жөнөттү. Эгер парламент кабыл алса ошол күнү Атамбаев кызматынан кетет. Ошол күнү кадырыңар жан болсун, мына кыйкырып атасыңар, Кулов барып көрсөтүлсүн, Сариев барып шайлансын. Мага кызматтын кереги жок. Мага элим керек.

Бирок, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов, Алмазбек Атамбаев башында турган топ иштеп чыгып, президент кол коюп парламентке сунуштаган Баш мыйзамдын долбоору көз боёмочулук экендигин ырастады:

- Реформа жасайм деп отуруп эки жылдын жүзүндө биринчи жолу киргизген өкмөттүн долбоору эч нерсеге жарабайт. Мына бүгүн колубузга алдык. Бул алдамчылык, көз боёмочулук.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев, президент болушунча чегинүүгө баргандыгын, жогорку бийлик митингдин талаптарын негизсиз деп эсептей тургандыгын билдирди:

- Негизинен талаптардын бардыгана эле бийлик тараптан утурулап кадам ташталды. Ошого карабай булар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү керек деген позициясында туруп атышат. Ага эч кандай негиз жок.

Ошентсе да митингдин уюштуруучулары коюлган талаптар аткарылмайынча борбордук аянттагы эл эч жакка кетпесин, ар кыл мыйзам бузууларга жол берилбесин айтышууда. Ал эми күч органдары коопсуздукту сактоо үчүн тиешелүү даярдыктар көрүлгөндүгүн, 2005-жылдын 24-мартындагыдай окуялардын болуп кетишине жол берилбей тургандыгына ишендиришүүдө.