ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: КУЛОВГО БИЙЛИК ГАНА КЕРЕК

Кыргызстандагы жарандык коом лидерлеринин бири Эдил Байсалов ушул тушта Кошмо Штаттарында жүрөт. Ал кечээ “Азаттыктын” Вашингтондогу бюросунда брифинг өткөргөн эле. Брифингден кийин Байсалов менен телефон аркылуу Жаңыл Жусупжан байланышты.
- Менин алгачкы суроом, Эдил силерди Гарвард университетинде сүйлөйт деп уктук эле, дагы кандай жолугушуулар болуп жатат?

- Ооба, мен бул жака Гарвард университетине тренингге келдим эле. 5-апрелде Гарвардда жолугушуу болду лекция түрүндө суроо-жооп алыштык. Абдан чоң кызыгуу болуп атат, бүгүн “Азаттык” радиосунун Вашингтон бюросунда брифинг өттү. Эртең Джон Хопкин университетинде белгилүү Орто Азияны изилдөөчү уюмда чоң жолугушуу уюштурулуп атат. Эми албетте мындай мүмкүнчүлүк менен мен пайдаланып бул жактагы мамлекеттик, мамлекеттик эмес изилдөөчү уюмдарга Кыргызстанда болуп аткан кырдаалды түшүндүрүүгө аракеттенип атам.

- Мамлекеттик чөйрөдөн жолугушуулар болдубу, же бул негизинен изилдөөчүлөр жана окумуштуулар жана бей өкмөт уюмдары болуп атабы?

- Ачык айтсак, кечээ күнү мен АКШнын Акүйүнө да кирип чыктым. Улуттук коопсуздук кеңеш деген атайын аналитикалык уюм бар, эртең мамлекеттик департаментте дагы эки өзүнчө жолугушуулар болот.

- Силерде Кыргызстан тууралу түшүнүк бергенге мүмкүңчүлүк болуп аткан экен. Үч сүйлөм менен айтканда Кыргызстандагы кырдаалды кандай сыпаттап жатасыңар?

- Албетте мекенибизде болуп аткан окуялар абдан опурталдуу, чоң кайгылуу окуяларга айланып кеткендей болуп атат. Эң негизинен биздин чет өлкөлүк достор, Россия болобу, АКШ болобу, башка өлкөлөр болобу, менин оюмча азыркы учурда саясий күчтөргө кайрылып, Кыргызстандагы саясий күчтөрдү мыйзамдуу жол менен кризистен чыгып кетишин талап кылышы керек дагы, анан дагы бир канча кадамдарга түртүшү керек. Бирок эң негизинен бул мыйзамдуу жана эч кадай күч колдонулбастан, Конституциянын чегинен чыкпашы керек дегенди талап кылып, анан албетте кээ бир азыркы учурдагы күчтөргө кайрылып, кандайдыр бир түрдө күч колдонуу менен бийлик алмаштыруу болсо бул эч качан эл аралык чөйрөдө легитимдүү бийлик катары таанылбастыгын дароо жана ачыктан-ачык жеткириши керек ушундай бир маалымат.

- Чынында элдин корккону келди, Кыргызстан азыр түндүк-түштүк болуп бөлүнүп атат, буга жол бербесе болот беле?

- Албетте болмок. Сиздер билесиздер мен жеке Курманбек Бакиевдин колдоочусу эмесмин. Акыркы күнгө чейин биз абдан чоң критика менен чыгып келбенбиз, биздин оюбузча сүйлөшүү жолу менен компромисс табууга болот. Албетте түштүк-түндүк эле эмес, жалпысынан азыркы учурда кырдаал абдан начар, элди бөлүп-жаргандар көп болуп атат.

- Феликс Куловдун бириккен фронту азыр компромисске баруудан баш тартып атат. Ушуга байланыштуу оппозиция экиге бөлүнүп-жарылып атат деп айта аласыздарбы?

- Албетте айта алам. Мен толугу менен кескин түрдө макул эмесмин. Феликс Кулов баштаган бириккен фронт жалпы демократиялык күчтөрдү бириктире алды, жалпы демократиянын атынан сүйлөй алат дегенге мен толугу менен кошула албайм. Анткени бардыгыбызга белгилүү Ф.Куловго бийлик гана керек. Мына ноябрь айында ал киши бизди колдоп чыккан эмес. Ошондо өзүн абдан жакшы көрсөтөм деп элдин биримдигин сактап калдым, булардын барыдыгы банкрот деп айткан. Азыр эмне өзгөрдү? Азыр конфликттердин потенциалы он эсе көбүрөөк. Бирок Феликс Кулов азыр опурталдуу кырдаалда жанагыдай абдан радикалдуу билдирүүлөр менен чыгып атат. Эмне өзгөрдү ноябрь менен салыштырсак? Жооп жалгыз эле бир. Феликс Кулов бийликтен түшүп калды, бул кишиге бийлик гана керек. Ошондуктан эң негизиги демократиялык оппозиция нукура оппозицияны менин оюмча кээ бир биздин коллегаларыбыз туура кырдаалды түшүнбөй, Ф.Куловду пайдаланабыз деп түшүнүп атышат. Бирок бул абдан туура эмес. Азыркы учурда Куловдун сүйлөп атканы туура эмес.

- Силердин айтканыңарга караганда силер өзүңөр “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсүсүңөр, “Реформа үчүн” кыймылы Феликс Куловдун бириккен фронту менен кызматташтыктан ачык түрдө баш тартабы, ортодогу алака кандай болот?

- Бириккен Кыргызстан кыймылынын билдирүүсүн окуп көрсөңөр биз айтып атабыз, Ф.Куловдун моралдык укугу жок, ушул демократиялык оппозицияны жетектеп, демоартиялык реформаларды ишке ашырам дегенине биз ишенбейбиз. Биз Бакиевге канчалык ишенбесек ошондой эле Куловго да ишенбейбиз. Азыркы учурда биздин оюбузча үчүнчү күч туура болуп атат, биз Бакиевдики да, Куловдуку да туура эмес, эң негизинен азыркы учурда кандай гана бир идеалдуу максаттарды алдыга койбосок эң негизгиси биз элдин биримдигин, ынтымагын, тычтыкты сактап калышыбыз керек. Демократиясы болобу, дагы башкасы болобу элибизде ынтымак болсо бардыгына жетишебиз. Убакыт жок калды, жалгыз эле жол менен жалгыз эле күч болсо дагы, согуш болсо дагы Бакиевди айдап чыгарышыбыз керек дегенге мен кошула албайм. Менин оюмча, элдин бардыгы да буга кошулбайт.

- Согуш болсо дагы деген сөздү ким айтты?

- Кээ бир адамдар ошондой деп айтып атат, болбой калды, убакыт жок, Бакиевге ишенбейбиз, ишенүүгө болбойт, согуш аркылуу болсо дагы кетириш керек деп айткандай эле мага угулуп атат. Менин оюмча элдин бардыгына ушундай угулуп атат.

- Эдил, силер жакшы билесиңер оппозиция бийлик менен көп эле жолу компромисске барды, аягы эмне болду? Аягы бүгүнкү кырдаал болуп атат? Силер дагы эле Бакиевдин бийлигине ишенесиңерби?

Мен Бакиевдин бийлигине ишенбейм. Мен элдин ынтымагына ишенем, элдин кызыкчылыгын өйдө коём.

- Бирок компромиссти силер эл менен кылбайсыңар, силер компромисске бийлик менен барышыңар керек?

Менин оюмча эң негизгичи азыр бир жаны Конституцияны кабыл алар замат, ал Конституцияны биз референдумга коюп, элдин добушун алышыбыз керек. Элдин атынан сүйлөгөн кишилер көп болуп атат, бирок эл менен акылдашкан адамидар аз болуп атат.