17:37 Нарын облусунун тургундары да митингге катышуу үчүн Бишкекке жөнөп кетишти

НАРЫН. “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун Нарын облусу боюнча өкүлү Сүйөркул Усубалиевдин айтымында, Нарындан тынчтык митингисине катышуу үчүн штаб аркылуу каттоодон өтүп, Бишкекке кеткендердин саны 1500гө чукулдаса, 400дөн ашыгыраагы өз алдынча кетишкен. Акталаадан баруучулардын автоунааларын, документтерин МАИ кызматкерлери текшерип, өткөрбөй, көп адамдар бөлүнүп жеңил автоунаалар менен Бишкекке чыгышкан. Биз кабарчылар “Ар намыс” партиясынын Нарын шаарынын штабынын жанынан жарым саат аралыгында 3 кичи автобус толо адам кеткенин байкадык. Арасында жаштар жана аялдар басымдуулук кылат.(JI)