Киевде бийликтеги коалициянын жактоочулары бүгүн чоң митинг өткөрүүгө даярданууда

Коалиция тарапкерлери Парламенттин таркатуусуна каршы демонстрацияга он миңдеген адамды чыгараарын билдиришти. Өз кезегинде оппозиция да 11-апрелден баштап президент Виктор Ющенкону колдогон мөөнөтсүз акция баштоого даяр экенин маалымдоодо. Дүйшөмбү күнү парламенттин чукул жыйында айрым депутаттар бир убакта парламенттик да, президенттик да шайлоо өткөрүлсүн деп чыгышты.