Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыккан А.Атамбаев башында турган жумушчу топтун жыйынтыктоочу жыйыны саат ондо өкмөт үйүндө болмок. Жумушчу топтун ич ара пикир келишпегендигинен жыйын саат 17:00 жылдырылды. Мурда кабарлангандай жумушчу топ иштеп чыккан Баш мыйзамдын жаңы долбоору бүгүн президентке сунушталышы керек. (AJ)