Өлкөдө терең саясий кризис орун алды деп билдирди өкмөт жыйыны башталаар алдында премьер-министр Алмаз Атамбаев. Жаңыртылган өкмөттүн бул алгачкы жыйыны жабык өтүп, анда беш маселе каралды. Атамбаев жыйындын башында саясий кырдаал, акырында болсо күн тартибиндеги маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу журналисттерге маалымат берди.
Алмаз Атамбаевдин көз карашында саясий кырдаал курчуп турган шартта бүгүнкү өкмөттүн башкы
милдети – тараптарга көпүрө болуу:
- Өлкө өтө оор абалда. Бийлик менен оппозициянын ортосундагы, бийлик менен элдин ортосундагы жарака барган сайын тереңдеп, биздин өлкөнүн өзу эки бөлүнгөнү турат, кудай сактасын. Мына ушундай кырдаалда өкмөттүн негизги милдети бийлик менен оппозициянын ортосунда, бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болуп берүү.
Оппозиция өкүлү өкмөттү башкарган Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп жатат деп эсептеген Атамбаев оппозиция өкүлдөрү бийликке келбей коюп, ага болбой бийликти сындап жатканын белгилеп өттү. Буга чейин «Реформа үчүн!» кыймылынын бир нече мүчөсү биринчи вице-премьерлик кызматка чакырылып, бирок, бул кызматтан баш тартышкан. Баш тартуунун себебин саясатчылар түп-тамырынан бери реформалоо зарылдыгы менен негиздешип, бийликке барган бирин-экин кишинин буга каруусу жетпейт деп эсептешкен.
- Биз өкмөттүн мүчөсүнө эч ким кирбейт деп, так, ачык позициябызды айтканбыз. Бир топ сунуштардын бардыгын кабыл алган жокпуз,- деп айткан эле Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев.
Ага карабастан, Атамбаев биринчи вице-премьер министрлик орун оппозициялык өкүлгө берилерин, ага чейин бош турарын мурда кабарлаган. Ошондой болсо да, айрым жаңыртуулар менен кайра дайындалган өкмөт мүчөлөрүнө Атамбаев ишеним артып турат:
- Он күн ичинде мен өкмөт мүчөлөрүнүн бардыгы менен сүйлөштүм. Алар деле өлкөдөгү кырдаалга кайгырып, экономиканы кризистен чыгаруу боюнча кадамдарды, чечимдерди, өлкөдөгү мыйзамсыздыкты, уурулукту токтотууну каалашат.
Премьер-министрдин билдиргенине караганда, өкмөт элдин ишенимине кирүү үчүн бардык аракеттерин көрөт. Ошондой эле өкмөт кыйчалыш мезгилде коомдук тартипти сактоо үчүн да кам көрөт. Буга байланышкан токтом жаңыртылып кайра дайындалган өкмөттүн алгачкы отурумунда башка маселелердин катарында кабыл алынды.
- Бир ушактар жүрүп атат, Бакиевдин бийлиги элди атат, тиги-бу деген. Бул албетте, калп. Биз ошондуктан, атайылап токтом кабыл алдык. Токтомдо жаздык: ички иштер министрлигинин кызматкерлери биздин жарандарга, жанагы митингге чыккан, демонстрацияга чыккан, тынч жол менен чыккан жарандарга эч кандай ок-куралды колдонбойт,-деди Алмаз Атамбаев.
Алмаз Атамбаев жабык өткөн алгачкы жыйындын соңунда ушундай билдирүү жасады. Мындан тышкары өкмөт жыйыны жарым өткөргүч чыгарчу «Кристалл» ишканасын «Кристалл 1» деп кайра түзүү, Талдыбулак кенин иштетүү милдетин алган «Алтын кен» ишканасынын жоопкерчилигин кайра кароо, мамлекеттик автоунаалардын санын азайтуу өңдүү маселелерди карады.