Бүгүн президент Курманбек Бакиевдин отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган митингдер Нарын, Ысыккөл, Талас жана Чүй облустарынын бир нече шаарларында башталды. Бишкекте ачкачылык акциясы уланууда. Ошол эле учурда бийлик менен оппозицияны элдешүүгө, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырган жыйындар да болуп жатат.
“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” Бириккен фронтунун маалымат кызматы кабарлагандай, 9-апрель күнү өлкөнүн түштүк аймактарынан башка бардык жерлеринде мөөнөтсүз митингдер башталды. Нарын, Ысыккөл, Талас жана Чүй облустарынын бир нече шаарларында жүздөгөн адамдар нааразылык митингисине чыгышты:
-Кеминде эки миң адам чыкты. Ысыкатада да чыгышты. Атбашыда миңдей, Таласта эки миң, Карабалта бир жарым миң жана Байтикте миңге жакын адам митингге чыгышты,-деп билдирди Бириккен фронттун штабынын маалымат катчысы Азамат Калман.
Чагымчылык аракеттери болуп, кагылышуу чыгып кетет деген чочулоодон улам Бириккен фронт түштүк аймактардагы митинг акцияларын токтотту.
Чүй облусунун Байтик айлында башталган мөөнөтсүз митингдин катышуучулары 11-апрелде Бишкектеги борбордук аянтта өтө турган митингге кошула тургандыгын билдиришти. Митингдин катышуучуларынын бири Анара Калдарбекова эл өз көйгөйүн өзү чечпесе, бийликке ишенич жок болуп калды деген оюн айтты:
-Биздин көп эле чече турган маселелерибиз бар. Биз ойгонбосок, алты айылдын эли бирикпесек, биздин жашообузду эч ким оңдоп бербейт. Биз жердешибизди колдошубуз керек. Калыстык болбогон ишке кантип көз жуумп коебуз?
Ушул эле күнү Караколдогу митингчилер облустун губернатору Кыдыкбек Исаевди кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарып, ордуна Бириккен фронттун координатору Асанбек Сарыбаевди шайлап алышты. Бирок ЖК вице-спикери Эркинбек Алымбеков губернаторду мындай жол менен кызматтан алуу бийлик басып алуучулукка жатарын эскерткенден кийин, митингди тынч өткөрүү тууралуу бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрө баштады.
Кыргызстандагы кырдаалга сыртта окуп жүргөн студент жаштар да кайдыгер эмес экендигин билдирип, алардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүштү. Малайзиядагы ислам университетинин студенти Мурадил Жумадилде уулу атайын апрель митингдерине катышуу үчүн Кыргызстанга келгендигин "Азаттыкка" айтып берди:
-Атайын катышалы деп келдик. Анткени, жаштар бүгүн катышпаганда качан катышат эле? Биз реформаны каалайбыз, -дейт Мурадил Жумадилде уулу.
Ал эми Чүй облусунун Москва районунун ардагерлери Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшүп, тынчтык жана биримдик үчүн эки тарапты элдешүүгө чакырышты. Ошондой эле Кыргызстандагы мусулмандар жамаатынын өкүлдөрү жана дин иштерин иликтөөчүлөр бийлик менен оппозицияны тегерек үстөлдө отуруп, сүйлөшүүсүн талап кылышты. Алар 11-апрелде боло турган митингде үчүнчү күчтөр менен экстремисттик кыймылдар чагым кылып жиберүүсү мүмкүн деген тынчсыздануусун билдиришти.
Ал эми президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев жер-жерлерде өтүп жаткан митингдердин өтүүсүнө бийлик тарабынан эч кандай тоскоолдук болбогондугун “Азаттыкка” билдирди:
-Митингге чыгабыз деп күн мурунтан бийликке кабарлашкан. Буларга эч кандай кысым да, тоскоолдук да болгон жок, митингдер өтүп жатат.
Нурлан Шакиев 11-апрелде түрдүү чагым жана мыйзамсыз иштер чыгып кетпеси үчүн бийлик аракеттерди көрүп жаткандыгын да айтып кетти.
Такталбаган маалыматтар боюнча Баткен, Жалалабат, Ош облустарындагы күч стуктураларынын кызматкерлери Бишкекке алынып келинүүдө. Бирок ИИМнин басма сөз кызматы бул маалыматты жокко чыгарды.
Учурда Караколдо, Кочкордо, Атбашыда, Таласта, Кеминде жана Байтик айлында митингдер уланууда. Бишкекте Бириккен фронт тарабынан 11-апрелде баштала турган митингге камылга жүрүп жатат