Жекшемби күнү өлкөнүн түштүгүндө эки жол минанын жарылуусунан улам 7 аскер набыт кетип, 3 оор жараат алды. Аскерий жетекчиликтин билдирүүсүнө караганда, талиптерге каршы активдүү согуш аракеттери жүргүп жаткан Ооганстандын түштүк аймактарында жыл жаңыргандан бери эл аралык күчтөрдүн 30 жоокери каза тапты.