7:44 Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топ бүгүн ишин жыйынтыктайт

Премьер-министр Алмаз Атамбаев башында турган бул топ жаңы долбоорго негиз катары былтыр ноябрда кабыл алынган конституцияны алууда. Эгер ал кабыл алынса, долбоордун “өткөөл мезгил” бөлүмүндө жазылганга ылайык, Алмаз Атамбаев премьер-министрликтен өз эрки менен кетет. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин фракциялары альтернативдик негизде президентке өкмөт башчылыкка талапкерлерди сунуштайт. Баш мыйзамдын жаңы долбоору эртең өлкө президентине сунушталаары күтүлүүдө.(SM)