Нарын АЙЫП, Прага Жакында Иракта "Азаттыктын" кабарчысы Хамаил Мухсин Халаф киши колдуу болуп өлдү. Ал мурда сыналгыда иштеген жана ирак элине кеңири белгилүү журналист болчу.
Хамаил Мухсин Халаф 30 жылга жакын сыналгыда иштеген жана Ирак эли арасында кеңири таанылган журналист болчу. 2004-жылдан бери "Эркин Европа-Азаттык" үналгысынын "Эркин Ирак" деп аталган ирак бөлүмүндө кызмат өтөгөн жана 3-апрел күнү Багдаддагы бюродон үйүнө кайтып келатканда дайынсыз жок болуп кеткен. Анын туугандары жана коллегалары аны кимдир бирөө барымтага алып кетти деп ойлогон. Хамаилдин денеси үйүнөн алыс эмес жерде 5-апрелде табылды, анын башына ок атылып өлгөн.
Журналист кайда экени белгисиз кезде кимдир бирөө анын үйүнө телефон чалып, анын күйөсү жана бир тууганына - силер "ал-Каида" деген эмне экенин билесиңерби деп сураган. Мурда да журналистке белгисиз адамдар көп жолу телефон чалып, коркуткан жана алар аны өлтүрөбүз деп да билдиришкен, бирок ага карабастан Хамаил Халаф өз ишин уланткан.
Анын үйү жайгашкан Багдаддын борборунан алыс эмес ал-Адел деген аймакта чындыгында көптөгөн куралдуу кагылышуулар болуп турат. Анын эки кызы болгон жана алардын коопсуздугунан чочулап, Халаф аларды Сириядагы тааныштарына мурда жеткирип койгон. Хамаил Мухсин Халафтын акыркы макаласы обого 4-апрелде чыккан.
Хамаил англис адабияты боюнча адис болчу жана 1970-жылдардын аягында сыналгы үчүн иштей баштаган. Анын күйөсү Мухаммед Халафтын айтымында, жумуш дегенде Хамаил ичкен тамагын жерге койо койчу: "Ооруп жатса дагы, кандайдыр бир маселелер чыгып, үй-бүлөсүндө кыйынчылыктар болгон учурларда да ал дайым жумуш милдетин аткарып, биринчи орунга кызматын коюп келген", - дейт Мухаммед.
"Эркин Европа-Азаттык" үналгысынын президенти Жеф Гедмин 5-апрелде Халафтын өлүмү тууралуу минтип билдирди: "Ал таланттуу журналист болчу, мурда сыналгы үчүн иштеген. Ирак элин жаңылык жана башка маалымат менен камсыз кылуу үчүн Халаф өз өмүрүн коркунучка дуушар кылып аракеттенген. "Эркин Европа-Азаттык" үналгысынын кызматкерлери жана дүйнөнүн башка мамлекеттериндеги журналисттер анын туугандары менен жакындарына көңүл айтабыз жана ушундай кыйын кезеңде биздин оюбуз силер менен бирге", - деди "Азаттыктын" президенти Гедмин.
Нью-Йорк шаарындагы Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматына караганда, 2003-жылдын мартында Ирак согушу башталгандан бери өлкөдө 76 ирак журналисти курман болду, 2004-жылдан бери 12 журналист барымтага алынды. Ирактын журналисттер бирикмеси билдиргенге караганда болсо, өлгөндөрдүн саны 214.