Иракта чабуулдардан 20 кишинин өмүрү кыйылды

Багдаддан түштүктөгү Махмудия шаарында 15 киши атып өлтүрүлдү. Ал эми баш калаанын өзүндө машинадагы бомба жарылып, 5 кишинин сөөгү сөпөт болду. Буга кошумча, АКШнын армиясы кечээ төрт аскери окко учканын бышыктады.