Жогорку Кеңештин депутаты Конституциянын долбоорун жазуу боюнча премьер-министр башында турган президент тарабынан түзүлгөн жумушчу топтун мүчөсү Иса Өмүркулов менен кабарчыбыз Кубат Оторбаев маектешкен.
- Иса мырза, сиз премьер-министр Алмаз Атамбаев түзгөн жумушчу топко кирдиңиз эле. Ал топ кандай ишти аткарып жатат. Конституциянын долбоору качан даяр болгудай? Качан президентке жана коомчулукка сунушталат. Ошол тууралуу айтып берсеңиз?
- Киргем. Депутат катары, саясатчы катары. Бүгүнкү кырдаалды эске алып, туура түшүнүп. Бул жумушчу топко киргенимди мени менен кошо жүргөн реформачылардын көптөрү сынга алып, көптөрү жактырган жок. Бирок, мен ойлойм саясатчы катары, ушул инсандык өзүмдүн абийирим менен кирип иштедим. Жумушчу топ иштеп аягына чыгып калды. 10-апрелде Конституцияга кошумчалар, толуктоолор президентке сунушталат. Ал негизинен толуктоолор, кошумчалар ноябрдагы алынган Конституциядан алынды. Мен ойлойм республикада тынчтык болсун десек ушул Конституцияны президент Жогорку Кеңешке сунуштап, ал кабыл алынышы керек.
- Декабрда дагы бир Конституция кабыл алынды эле. Ал Конституцияны жактоочуларынын пикири эске алындыбы?
- Албетте, мен дагы декабрда кабыл алынган Конституцияга каршы добуш бергенмин. Декабрдагы кабыл алынган Конституция мына бүгүнкү коомдогу оор абалга алып келген. Негизинен ноябрдагы Конституциянын негизинде толуктоолор, кошумчалар кирди. Негизинен ката кеткен жерлери, редакциялык толуктоолордун баары эске алынды.
-Алмаз Атамбаевдин премьер-министр болушу менен өлкөдөгү жагдай кичине жакшырат, коалициялык өкмөт түзүлөт деген пикирлер болду эле бирок, көптөрү айтып жатышат эл күткөндөй коалициялык өкмөт түзүлгөн жок деп. Алмаз Атамбаев дагы өзү жалгыз болуп, кырдаалды жөндөй албай калышы мүмкүн деген чочулоолор өтө көп. Сиздин ушул маселе боюнча пикириңиз кандай?
-Угармандардын жалпы элдин арасында ушундай пикир бар. Мен бүгүн айтаар элем. Атамбаевдин бул кызматка келиши чоң эрдик болду. Коалициялык өкмөт түзөм деп аракет кылды. Ага бир дагы оппозициянер кирген жок.
-Эмне себептен кирген жок деп ойлойсуз?
- Алар Конституцияга толуктоо, өзгөртүүлөр киргизилбейт. Президент жаңы Конституция кабыл албайт деп президентке ишенбегендиктен ушундай кырдаалда дагы Атамбаев ушул кызматка барып алды деген пикир болгондуктан менимче оппозициядагы саясатчылардын бири да барган жок. Бирок, мен эрдиги деп айтып жатканымдын бир себеби бар.
- Кандай эрдик деп ойлойсуз?
- Жаңы Конституциянын переходный этабы бар. Өткөн декабрда кабыл алынган переходной мезгилде мурун шайлангандар, бүгүнкү кезде кызматка иштеп жаткандар мисалы, өкмөт, Жогорку Кеңеш 2010-жылга чейин калат деген да. Бүгүн Атамбаев өзүнүн пикирин айтты. Ушул Конституция кабыл алынгандан кийин автоматтык түрдө кызматтан кетет.
- Премьер-министрликтен Атамбаев өзү кетет да?
- Себеби ошол переходный этапка мындай деп жаздык. Президент премьер-министрди дайындайт Жогорку Кеңештин макулдугу менен. Бүгүн сунуш кылып киргиздик Конституция кабыл алынгандан кийин переходный этапка Жогорку Кеңештин фракциялары жаңы альтернативдик негизде кайта сунушталат. Премьер-министрлердин талапкерликтери.
- Азыркы турган Жогорку Кеңеш сунуштайбы?
- Жогорку Кеңеште он чакты фракциябыз бар. Ар бир фракция өзүнүн талапкерлигин бүгүн көрсөтүп, Жогорку Кеңеш жаңы премьерди шайлайт.
- 11-апрелге карата сиздин болжомолуңуз кандай. Кыргызстан кандай жагдайда турат. 24-марттын алдындагы кырдаалга азыркы кырдаалды салыштырса болобу?
- 24-марттагы абал албетте, курч болгон. Бүгүн деле андан кем эмес курч абал болуп турат. Мен ойлойм эгер жогоруда айткан Конституциянын долбоору кошумчалары менен кабыл алынса, бүт оппозицияда тургандар, жалпы эл деле туура кабыл алыш керек. Эгерде мамлекет сакталып калсын десе. Эгерде бөлүнбөйлүк десек баары тең ушул түшүнүк менен чоң жоопкерчилик менен кабыл алышы керек. Көптөрү сындап жатты эле. Атамбаев кызматка умтулган, орундукка отурду дагы биздин жогоруда көптөн бери коюп келген маселенин бирөөнү чечпей өз оюн ойлоду деп. Мына бүгүн жаңы толуктоолор кабыл алынса бул да отставкага кетет.
- Бул ишти жумушчу топ бүгүн бүттүбү?
- 9-апрелде аягына чыгат. 10-апрелде президентке сунушталат.