13:45 Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев “Бириккен фронттун” облустагы координатору менен жолугушту

Жолугушууда 9-апрелден тарта баштала турган мөөнөтсүз митинг тууралуу кеп болду. “Бириккен фронттун” облустук координатору Асанбек Сарыбаев митинг мыйзамдын алкагында, тынч болорун айтып, бийликтен кысым жана антимитингдерди уюштурбоону өтүндү. Губернатор андайларга жол бербей тургандыгын билдирип, облустук күч органдарынын жетекчилерине коомдук тартипти гана камсыздоону тапшырды. Эки тарап тең мыйзам алкагында гана аракет жасап, кырдаалды курчутуп жиберүүчү чагымдарга жол бербөө тууралуу келишишти.
Бул тууралуу Бириккен фронттун Ысыккөл облустук координатору Асанбек Сарыбаев “Азаттыкка” билдирди.