“Кыргызстан коммунисттери” партиясынын төрагасы Клара Ажыбекова парламент оппозиция сунуш кылган Конституцияны карабашы керек деп билдирди. Ал Жумушчу топ Жогорку Кеңешке Башмыйзамдын президенттик, парламенттик жана президенттик-парламенттик башкаруу формасындагы үч вариантын жазып берүүсүн жактай тургандыгын айтып, бирок негизги чечимди эл өзү референдум аркылуу кабыл алат, кандай башкаруу формасындагы мамлекетте жашоону эл өзү тандап алат, деп билдирди.