“Эркиндик” партиясынын төрагасы Феликс Куловду телеайтышка чакырып, Кулов сыналгы аркылуу Кыргызстандын элине “11-апрелде бийликти алабыз” деп айткан сөзүн чечмелеп берсин, деп талап кылды. Топчубек Тургуналиевдин сөзү боюнча Бириккен фронттун жетекчиси Феликс Кулов бул сөзүн 26-мартта “Аккеме” мейманканасында өткөн форумда айткан.