Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан алты адам каза тапты

Жанкечти миналанган автоунааны бүгүн Кабулда, өлкө парламентинин имаратынын жанында жардырды. Натыйжада жанкечтиден башка кеминде алты адам: беш жөн-жай тургун жана бир полицей каза тапты. Бул - Кабулда быйыл жанкечтилер жасаган үчүнчү жардыруу. Ал аралыкта, президент Хамид Карзай талибдердин өкүлдөрү менен жолукканын бүгүн билдирди. Анын айтымында сүйлөшүүнүн максаты -өлкөдө тынчтык орнотуу аракети болду. Жолугушууга талибдерден кайсыл деңгээлдеги өкүлдөр келгени белгисиз. Хамид Карзайдын билдиргенине караганда, ал талибдерди куралын таштап, тынч турмушка аралашууга чакырды. Ошол эле учурда чет элдик согушкерлер менен кандайдыр бир сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн такыр жокко чыгарды.