Нарын АЙЫП, Прага Туткунга алынган британиялык суучулдар бошотулуп, мекенине кайтып келгенден кийин Британия дагы, Иран дагы жеңишке жеткени жөнүндө билдирүүдө. Байкоочулардын пикиринде болсо, бул окуя - Иран менен Батыш ортосунда кеңири диалог жүргүзүү мүмкүн экенин көрсөттү.
Он эки күнгө уланган туткундан кийин мекенине кайтып келген 15 британиялык суучул азырынча журналисттер менен жолукпайт, анткени медициналык текшерүүдөн өтөт жана өкмөт - алар эмне үчүн кармалганы жана кандай тапшырма аткарып жүргөнү жөнүндө тергөө да жүргүзөт. Лондон такай - алар Иран чек арасын бузган эмес жана аларды кармоого эч негиз болбогон деп айтып келген, суучулдар болсо туткун учурунда Иран сыналгысына интервью берип, алар Ирандын деңиз аймагына кирип кеткенин моюнга алган.
Британ өкмөтүнүн айтымында, чек араны биз чындап эле бузганбыз деп Иран элинен кечирим сураганы үчүн суучулдар жазаланбайт. Ошол эле учурда туткунда кармалган мезгилде алар Иран өкмөтүнө дагы кандай маалымат бергени толук такталууга тийиш.
5-апрелде премьер Тони Блэр атайын билдирүү жасап, суучулдардын бошотулганы Британиянын чечкиндүү дипломатиялык аракеттеринин жыйынтыгы болгонун билдирди. Анын айтымында, Лондон эки негизги багытта аракеттенген - ал Тегеран менен түз сүйлөшүү жүргүзгөн жана ошол эле учурда дүйнөлүк коомчулук менен эл аралык уюмдардын колдоосун алууга жетишкен.
Иранды башкарган аятолла Али Хаменеинин кеңешчиси Али Акбар Велаяти болсо ошол эле 5-апрелде Иран сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, суучулдар менен байланышкан бул окуя Ирандын күчүн көрсөттү деп билдирди. Анын айтымында, бүткүл Батыш Тегеранга каршы аракеттенип жатканда Иран өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргой ала турганын көрсөттү, туткундар болсо - Тони Блэр 3-апрелде Иранга кат жазып, кечирим сурагандан кийин бошотулду. Андай жашыруун келишим болгон деген маалыматты Блэр өзү дароо четке какты.
Бирок, премьердин пикиринде, бул окуя Иран менен үзүрлүү дипломатиялык диалог жүргүзүү мүмкүн экенин көрсөттү жана Тегеран эми өзү андай жагдайдан пайдаланып, дүйнөлүк коомчулукка кайрадан кошулуу мүмкүнчүлүгүн караштырууга тийиш. Окшош пикирди Европа Биримдигине учурда төрагалык кылган Алмания дагы бидирип, эми Ирандын өзөктүк программалары менен байланышкан маселе жөнүндө сүйлөшүү жүргүзсө болот деп айтты.
Бирок АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс андай сунушту четке какты: "Менин оюнча, британ суучулдарын бошотуу жөнүндө Иран президенти кабыл алган чечим жана АКШ менен Иран ортосунда келечекте кандайдыр бир сүйлөшүү же башка ошого окшош окуя болот же болбойт деген маселе ортосунда эч кандай байланыш жок", - деди Гейтс 5-апрелде.
Анткен менен АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Шон Маккормак ошол эле 5-апрелде билдиргенге караганда, май айында Ирак боюнча эл аралык конференция өткөрүлгөндө, мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки менен жолугуп сүйлөшүшү мүмкүн.