Жыйында аталган окуу жайдын педиатрия кафедрасынын студенттери жана аспирантары Бишкектеги көп балалуу үй бүлөөлөрдөгү темир жетишпегендиктен келип чыккан аз кандуулук оорусун талкуулашат. Наарын шаарынын окуучулары менен Бишкек окуучуларынын физикалык өсүүсүн салыштырган талдоо жүрөт. Ымыркайлар арасындагы жүрөк талма менен жана башка илдеттер талкууланат.(EBM)