Бириккен фронттун мүчөлөрү бүгүн Жогорку Кеңештин алдында жети боз үй тигип ачкачылык акциясын башташты. Алардын жыйырма бири аял, кырк төртү эркек. Ачкачылык жарыялагандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов да бар. Ачкачылык жарыялагандар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен турушат. Өкмөттүн өкүлү Юстиция министри Марат Кайыпов оппозициянын мындай аракети бийликти кысымга алуу жолдорунун бири катары бааларын билдирди.
Эртең менен саат онго чукул «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» Бириккен фронттун мүчөлөрү Жогорку Кеңештин алдына келишип жети боз үй тигишти. Анын биринде штаб, экинчисинде медициналык жардам көрсөтүү кызматы орношту. Ал эми беш боз үйдөн ачкачылык жарыялаган 65 адам орун алышты. Алардын жыйырма бири аял, кырк төртү эркек. Ачкачылык жарыялагандар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабын коюшууда. Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов да ачкачылык жарыялап бир боз үйдөн орун алды.
"Мен чыктым.Мына ачкачылык баштадым.Мага боз үйдөн ордумду көрсөтүп беришти. Биз 2002-жылы Азиза Абдырасулова, Төлөйкан Исмаилова, Турсунбек Акун баш болгон үч жүзгө жакын адам ачкачылык жарыялап чыкканбыз. Анда биз Үзөнгү Кууштун сатылышына каршы, Азимбек Бекназаровду айыпсыз, мыйзамсыз камады деп каршылык билдирип чыкканбыз. Бүгүнкү чыкканыбыз, президенттин туура эмес саясатынын кесепетинен Үзөнгү Кууш тургай бүтүндөй Кыргызстанды жоготуу алдында турабыз. Ошон үчүн мен аң сезимим менен өз каалоом менен ачкачылык жаряладым. Бул жерде эч кандай популизм да, оюн да жок,-деди Мелис Эшимканов.
Ачкачылык жарыялоого жүз жыйырма эки адам каттоодон өтүшкөн. “Азыр ачкачылык жарыялагандар 65 адам болду. Эртең булардын катарына облустардан да келип кошулушат. Дагы төрт боз үй тигебиз”,-деп билдирди ачкачылык акциясынын демилгечиси Бекназар Урумов.
Юстиция министри Марат Кайыповдун көз карашында, саясий нааразылыктардын ичинен ачкачылык акциясы чегинен чыккан, адам чыдабай калгандан кийин, башка жол калбай, бийликтен толук түңүлүп калгандан кийин жасала турган кадам болушу керек эле.
-Биздин Кыргызстандагы оппозиция элдерди топтоп ачкачылык жарыялап жатышат. Менимче бул азыркы бийликти кысымга алуу жолдорунун бири.
Кайыпов белгилегендей өлкөнүн элинин баары эле бийликке ишеним көрсөтпөйт. Президентке добуш берген адамдардын укугу эске алынбай жатат. “Биз оппозиция менен “ийри отуруп, түз кеңешүүгө” даярбыз. Бирок оппозиция бийликтин сунушун кабыл албай жатканы мени кооптондурат”,-деген пикирин билдирди Кайыпов.
Ачкачылык жарыялагандардын көпчүлүгү Ысыккөл, Нарын, Чүй облустарынан келишкендер экен. Чүй облусунун Сокулук районунан келген Мира Сейдалиева ачкачылык жарыялаганга президент Курманбек Бакиевдин убадасына турбай, өлкөнү баш аламан башкаруусу түрткү болгон.
-Президент Курманбек Бакиев абдан калпычы адам экен. Ыңкылаптагы убудаларын аткармак түгүл коррупцияны гүлдөтүп жиберди. Ушул жерге келип ачкачылык жарыялап отурган апалар балдарынын, неберелеринин келечеги үчүн келип отурат. Тезирээк мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүп, татыктуу жаштардан мамлекет башчысы кылып шайлап алышыбыз керек.Чындыгында таза, чынчыл президент шайлап, өлкөдө тынччылык болсо экен деген тилек.
Азаттык:-Эл арасында оппозиция ачкачылык жарыялагандарга акча берип, атайын уюштуруп жатат деген кеп бар. Буга кандай дейсиздер?
- Акча эч ким берген жок. Биз өз каалообуз менен балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги үчүн келдик. Акчага сатылбайбыз.
Президенттин алдындагы адам укутары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун да ачкачылык жарыялагандардын акыбалын сурап барган экен. Аны менен баарлашканыбызда ал бийликтин кетирген катачылыгынан ачкачылык акциясы келип чыкканын айтты.
-Биз “ак үйдөгүлөр” жакшы иштегенибизде ушундай ачкачылык акциясы болбойт эле. Бул акцияны оппозиция чыгарган жок. Биз начар иштеп, өзүбүз чыгарып атабыз.
Турсунбек Акундун айтымында, учурунда Конституция реформаланса, бийлик системасы өзгөртүлүп, коррупцияга бөгөт коюлса, эл деле нааразы болуп чыкпайт эле. Бирок укук коргоочу оппозициянын мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабына каршы экендигин баса белгиледи.
Ачкачылык жарыялагандарга саат төрт жарымда Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов келип Мелис Эшимканов орун алган боз үйдөгүлөр менен учурашып, аянттагы штабды көрүп чыкты. Ал жерде турган Бириккен фронттун айрым мүчөлөрү менен пикир алышты.
Ачкачылык акциясы, митинг учурунда тартип коргоо кызматтары алдын-ала кандай иш чараларды көрүп жатканын ички иштер министринин орун басары Осмоналы Гуроновго суроо узаттык. Ал Бишкек шаарында жана өлкө аймагында милиция кызматкерлери коопсуздуктукту камсыз кылып, коомдук тартипти сактоого даяр экендиктерин, баш аламандыкка жол берилбестигин билдирди.