Украина президенти мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүү чечиминен кайткан жок

Виктор Ющенко башкы атаандашы - премьер-министр Виктор Янукович менен өлкөдөгү саясий кризистен чыгуу жолдорун талкуулап, парламентти таркатуу жана келерки айда жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү чечиминен кайтпаарын кайталады. Янукович бул чечимди «өтө чоң ката» деп баалады. Саясий тирешүү Киевдин көчөлөрүнө миңдеген адамды чыгарды. АКШ, Евробиримдик жана Орусия Украинанын саясий күчтөрүн мунаса табууга чакырды.