15:06 Токтосун Мадияров түрк жана араб өлкөлөрүнүн экономикалык форумуна катышты

28–30-март күндөрү Түркияда Түрк-Араб өлкөлөрүнүн биринчи экономикалык конгресси Измир шаарына жакын жайгашкан Чешме шаарчасында Гранд Онтур Отелинде болуп өттү. Бул конгрессте Сириядан, Сауд Арабиясынан, Омман, Алжир, Тунис, Йемен, Египет, Судан, Бириккен Араб Эмираттарынан келген 100гө жакын ишкерлер жана бул өлкөлөрдүн элчилери жолугушту. Конгрессти уюштурган Түрк-Арап Ишкерлер Ассоциациясынын Измир шаардык башчысы Сабухи Аттар мырза түрк дүйнөсү жана араб ишкерлеринин ортосундагы карым-катнаштын абдан эле чектелүү болгонун, бирок бул абалды өзгөртүү үчүн экономикалык эбегейсиз зор потенциалдардын бар экенин белгилеп, соода-сатык жактан мамилелерди чыңдап өнүктүрүү керек экенин айтты. Бул экономикалык иш чарага Бишкектен ЕврАзЕс – Кыргызстан ишкерлер кеңеши ассоциациясынын төрагасы Токтосун Мадияров барып катышты. (KCh)