Тажыяга миңдеген адам катышты. Президент Михаил Саакашвили Гамсахурдиага Грузин эгемендүүлүгүнүн атасы катары баа берди. Звияд Гамсахурдиянын сөөгү Грузияга Чеченстандан өткөн жумада жеткирилген. Гамсахурдия Грузияны эгемендикке алып келген, бирок 1992-жылы ал бийликтен четтетилип, 93-жылы Грузиянын батыш чөлкөмүндө белгисиз жагдайда каза болгон.