ЧЕТ ЭЛДИК СООДАГЕРЛЕР ОРУС БАЗАРЛАРЫНАН ТОЛУК ЧЫГАРЫЛА БАШТАДЫ

Төрөкул Дооров, Москва 1-апрелден тарта Орусиядагы базарларда чет өлкөлүк жарандарга сатуучулук кылганга толугу менен тыйуу салынды. Жарым-жартылай чектөөлөр ушул жылдын 15-январынан бери эле иштеп келатканы маалым. Чет өлкөлүктөр, андан сырткары, алкоголдук ичимдиктерди жана дары-дармектерди да сата алышпайт. Орус өкмөтүнүн токтомунда айтылган бул чаралар базарларды тартипке келтирүүгө багытталган, бирок «мунун айынан кымбатчылык болуп кетет» деп чочугандар да аз эмес. Жумушунан айрылган чет өлкөлүк сатуучулар, алардын арасында, кыргызстандыктар кандай абалда калышты?
Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде жолдун жээгинде алкоголдук ичимдиктерди, анын ичинде пивону, ошондой эле тамекини саткан кичинекей дүкөнчөдө кыргызстандык Айгүл эже иштейт. 1-апрелден тарта чет өлкөлүктөр Орусияда арак-шараптарды сата алышпайт дегенине карабай, Айгүл эже ишин токтоткон жок. Эмне үчүн десем: «Бул тартипти аттап өткөнгө деле айла таптык», - дейт.

- Эми бүгүн Федералдык миграциялык кызматтан келип, текшерип калышса, бүгүн 1-апрель деп жалган сүйлөгөнгө туура келет го дейт. Анын үстүнө, эптеп күн көрүүнүн амалы да: азыр маңдайыбызга «Требуется продавец (гражданин РФ)» деп жарнама жазып койдук. Текрешип калышса: «Мынаке, үч айдан бери бул илинип турат, иштейин деген орусиялык жок. Бирөө жарым келип калса, орунду бошотуп кетебиз», - деп коебуз. Анткени орусиялыктар күнүгө биз алып жаткан 500-600 рубль акча үчүн иштешпейт да. Жакшы жооп, туурабы?

Айгүл эженин дүкөнүнөн кичине өтпөй жатып ушул эле көчөдө дагы бир кыргызстандык келин алкоголдук ичимдиктерди сатып турганын көрдүм. Анын да дүкөнүнүн алдында ушундай эле жарнама турат.

Бирок чоң базарлардагы кырдаал башкачараак. Анткени өлкөнүн миграциялык кызматы 1-апрелде чоң базарларда текшерүү иштерин күчөттү. Мисалы, өлкөнүн Приморский крайында базарларды текшерген департаменттин кызматкери Анна Баруткина эрте менен базарларга чыгып, ал аймакта иштеген кытайлык мигранттар жер жуткандай жоголуп кеткенине таң калганын айтат.

- Бүгүн биз өкмөттүн токтому иштеп жатканын көрдүк. Үч башка базарда рейд өткөрүп, бирөөсүндө да чет элдик сатуучуларды таба алган жокпуз.

Көрсө, кытайлык сатуучулар марттын акыркы күндөрү бүт товарын арзан баада дүңүнөн сатып, 1-апрель күнү такыр эле базарга чыкпай коюшуптур.

Акжол Айдаров - Орусиянын Тюмень облусундагы Сургут шаарында турат. Акжолдун айтымында, Сургуттагы ири базарларда, негизинен, кыргызстандыктар жана тажикстандыктар буюм-тайымдарды сатышат экен. «Көпчүлүк кыргызстандыктар жаңы өзгөрүүлөрдүн маанисин азырга чейин түшүнбөй жатат», - дейт ал.

- Эртеден бери соода кылгандар телефон чалып: «Эми эмне болот?», - деп утуру эле сурап жатышат. Анан мен өзүмдүн эле жеке оюмду эле айтып, кичине күтүп туруш керек дедим. Эми баары бир оң жагына чечилет го дейм, баардык эле чет өлкөлүк соодагерлерди жумушсуз калтырышпаса керек, - дейт Айжол Айдаров.

Кыргызстандын миграциялык кызматынын Орусиядагы өкүлү Тажимамат Шаболотов деле мунун баарынан кабардар экенин айтты. «Ошондуктан, кыргызстандыктар билиши керек болгон негизги жагдайлар бар», - деди ал.

- Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрү 1996-жылы бири-биринин мигранттарын социалдык жактан колдоо тууралуу келишимге кол коюшкан. 2003-жылы ошол келишимге толуктоолор киргизилген Протокол да күчүнө кирди. Ага ылайык, кыргызстандыктар Орусияга келээри менен тийиштүү документтерди салык органдарына тапшырып, жеке ишкер катары каттоодон өтүшсө болот. «Жеке ишкер» деген статус биздин жарандарга 1-апрелден кийин деле базарларда сатуучулук кылганга уруксат берет. Бул – Кыргызстандын гана жарандарына берилип жаткан жеңилдик. Экинчиден, биздин мамлекеттердин өкмөттөрү ортосунда «Жарандык» жөнүндө да келишими бар. Ага ылайык, кыргызстандыктар Орусияга келип, кыска мөөнөттө, үч айдын ичинде, орус жарандыгын ала алышат. Бүгүнкү күнү биздин көптөгөн жарандарыбыз ушул келишимге таянып, орус жарандыгын алып жатышат, - деди Кыргызстандын миграциялык кызматынын Орусиядагы өкүлү Тажимамат Шаболотов.

Орус өкмөтүнүн токтому ушул жылдын этегине чейин иштейт. Анан абал кандай өзгөрөөрүнө жараша андан ары жаңы тартиптер же күчүндө калат, же өзгөртүлүшү мүмкүн. Анткени базарлардан чет өлкөлүк арзан жумушчу күчү кетип, анын оордуна жергиликтүү калк иштей баштаса, кымбатчылык болуп кетиши ыктымал деген кооптонуулар бар.