Орусияда чет элдиктердин соода тармагында иштөөсүнө тыюу салуу бүгүндөн тартып күчүнө кирүүдө
Бийликтер бул чара аркылуу орус жарандарын иш менен камсыз кылууга жагымдуу шарт түзүлүп, мыйзамсыз миграциянын жолу бөгөлөт деп эсептешет. Бирок бул чара товарлардын азайышына жана баалардын өсүшүнө алып келет деген тынчсыздануулар айтылууда.