Жогорку Кеңештин депутаты Айдарбек Керимкулов «Азаттыкка», Алмаз Атамбаевди өкмөт башчылыкка бекитип жаткан учурда кадрларды дайындоодо фракциялар, партиялар менен кеңешилиш керек деген сөз болгонун, бирок андай сүйлөшүүлөр эмнегедир болбогондугун билдирди. Ошондой эле ал бүгүнкү орун алмашуулардан сумма өзгөрбөсүн, жаштарды, жаңы кадрларды алып келүү саясаты азырынча көрүнбөй жатканын, мындай абал стабилдүүлүктү сактай алуусу күмөндүгүн айтты. (IJz)