17:30 Коомчулук өкүлдөрү гендерлик теңдикти камсыз кылуу боюнча президентке жана премьер-министрге кайрылуу жолдошту

Бир нече саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын аял өкүлдөрү мамлекет башчы Курманбек Бакиев менен өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, жаңы өкмөттү куроо мезгилинде гендерлик теңчиликти сактоону өтүнүшкөн. Кайрылууда Кыргызстандагы акыркы убактарда саясий кырдаалдын курчушуна мамлекеттик бийлик бутактарында аялдардын жоктугу, муну менен көпчүлүк элдин кызыкчлыгы сакталбай жаткандыгы себеп болуп жаткандыгы белгиленип, Кыргызстан адам укугун коргогон өлкө катары өкмөт курамына аялдарды кошууга эл аралык коомчулуктун алдында милдеткер экендиги эскертилген.
Кайрылууга 50 дөн ашуун саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кол коюшкан.