Премьер- министр Виктор Януковичтин тарапкерлери Украинанын борбору Киевде жана башка шаарларда демонстрация өткөрүштү

Алар президент Виктор Ющенконун парламентти таркатам деген опузасына жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү сунушуна каршы экенин билдиришти. Ющенко бейшемби күнү Янукович башындагы башкаруучу каолицияны Конституцияны бузууда деп, андай мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн чукул чарага барышы мүмкүндүгүн эскерткен. Жума күнү оппозициячыл блоктун башчысы, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко өлкө президентин кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды.