Россиянын соту мусулман диниятчысы Антон Степаненкону диндештерин казатка чакырды деп айыптап, 1,5 жылга шарттуу кести

Сот Пятигорск шаардык мечитинин имамы Степаненкону эл арасында вахабизмди үгүттөйт деп да тапаты. Ал 2006-жылдын январында камакка алынган. Пятигорск шаардык соту Антон Грудинди да ушундай эле күнөө менен үч жылга шарттуу кести.