Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын учурдагы төрагасы Жолдошбек Алиев билдирди. “Кыргызстан элдик кыймылы” 2004-жылдын соңунда түзүлүп, ага тогуз партия кирген эле. Анын негизги максаты президенттикке Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүү болчу. “Эми бул кыймыл учурда кандай иштерди аткарып калды бизге белгисиз. Ошондуктан биз бул кыймылдан чыктык” дейт Ж.Алиев. (IJz)