АКШ СЕНАТЫ ИРАКТАН АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИ ЧЫГАРУУНУ ПРЕЗИДЕНТКЕ СУНУШ КЫЛДЫ

29- мартта АКШ Сенаты Ирактагы согушту токтотууну прездентке сунуш кылган мыйзам долбоорун кабыл алды. Долбоорго ылайык, Ирактагы америкалык аскерлер келерки жылдын 21- мартына чейин гана каржыланат жана мыйзам кабыл алынгандан 120 күндөн кийин аскерлерди Ирактан чыгарып кетүүнү президенттен талап кылат. Жорж Буш аскерий операцияларга чектөө койгон ар кандай мыйзамга вето жарыялай турганын эскертип жүргөн.
51 сенатор колдоп, кабыл алынган мыйзам долбоору Ирактагы жана Ооганстандагы аскерий операцияларга жана курулуш иштерине 122 миллиард доллар чегерет. Бирок, келерки марттын аягына америкалык аскерлер Ирактан чыгарылсын деп талап койот. Президент Буш мындай мыйзамга каршы экенин 28- мартта эле эскерткенин жаңы мыйзам долбоору колго салынардан мурда сенаторлор менен болгон жолугуушуда айтты:

–Кечээ сүйлөгөн сөзүмдө Ирактагы биздин командирлердин аракетин жана аларды каржылоону чектеген мыйзамга вето жарыялай турганымды ачык айтканмын.

Эми Өкүлдөр палатасы менен Сенат өз мыйзам долбоорлорун бириктирип, президентке кол койгонго беришет. Эгерде Жорж Буш вето жарыяласа, демократтардын аракети ишпей калышы ыктымал. Анткени, Сенаттагы колго салууда 47 конгрессмен каршы добуш берди. Президенттикке талапкер, республикачыл сенатор Жон МакКейн Ирак согушунун жаңы стратегиясы ишке ашырылып жатканда, береги мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди:

– Ушул эле мекеме жакында бир добуштан генерал Дэвид Петраести Ирактагы АКШлык аскерлердин командачысы кылып бекиткен. Келгиле, ага жана ал жетектөөгө укук алган жоокерлерге, бул план ишке ашуусу үчүн башын байлаган америкалыктарга максатына жетүүсү үчүн зарыл убакытты берели.

МакКейн айткан бу планга ылайык, Ирактагы жааташтык согушун басуу үчүн кошумча дагы 21, 5 миң аскер жайгаштырылыш керек. Бирок, мындай планды бардык эле республикачылар колдобойт. Алардын бири –сенатор Чак Хагел аскерлерди Ирактан чыгарып кетүүнүн зарылдыгын мындайча түшүндүрдү;.

–Америка дүйнөдө коркунучтуу жана курчоого алынган абалда калды. Бизди мусулмандар согушчул мамлекет деп билишет. Дүйнө жаңы кылымда таянчу жаңы борборду издеп жатканда, бул сыяктуу осол жана коркунучтуу түшүнүктөн айрылуу керек. Кошмо Штаттары Ирактагы аскерлерди этап-эатап менен чыгарып кетүүнүн жолун паландаштыра башташы шарт. Ирактагы согуш америкалыктардын өмүрүн, эсепсиз долларды талап кылып жана биздин дүйнөдөгү кадыр баркыбызды кетирип, өлкөнүн кубатын алууда.

Иракта беш жылдан бери жүрүп жаткан согуш 3200дөн ашуун америкалык аскердин жана миңдеген ирактыктардын өмүрүн алды.